Новости

Колдонгон сөздөрүбүз иш-аракеттерибизди аныктайт

By 26.12.2020 Декабрь 29th, 2020 No Comments

Сөз менен адамды жок кылаып, же, сактап калса болот

Сөз менен түмөн колду баштаса болот.
В. Шефнер
Колдонгон сөздөр, сүйлөгөн кебибиз иш-аракеттерибизди багыттап,дүйнө таанымыбызды аныктайт.

БУУнун майыптыгы бар адамдардын укуктары боюнча Конвенциясындагы принциптерди терең түшүнүү жана кабыл алуу - майыптыгы бар адамдарга болгон мамилени толугу менен өзгөртөт. Аны менен бирге бул тематикадагы терминология кошо өзгөрөт.

Биздин коом "майып" деген сөздү колдонууга көнүп калган. "Майып" деген сөз көпчүлүктөтерс сезимдерди пайда кылып, оору менен байланышат. Жарандык коомдун активдүү мүчөлөрү, адистер нейтралдуу “ден соолугунун мүкүнчүлүгү чектелген” деген терминди сунуштаган. Убакыттын өтүшү менен бул термин дагы сынга кабылды. Мисалы, адам сасык тумоолоп, , дене табы көтөрүлүп же колу сынып гипс салып жүрүп калса да ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелип калат. Бирок мындай адамга майыптыгы тууралуу статус берилбейт.

Учурда "майыптыгы бар адамдар", "майыптыгы бар адам", "майыптыгы бар балдар", "майыптыгы бар аял" жана башка ушул сыяктуу терминдерди колдонуу сунушталат.

Ошондой эле башка терминдерге да тиешелүү: дүлөй, дудук, сокур, жинди, даун, “коляскачан”...

Бул сөздөрдүн бардыгы терс сезимдерди жаратат, алсыздык, айласыздык түшүнүгүн берет. Мындан тышкары, бул сөздөр майыптыгы бар адамдарга карата терс көмүскө мамилени калыптайт.

Андыктан, ар бир адамга өз лексикасында мындай сөздөрдү колдонбоосу сунушталат.
Төмөндө эң көп колдонулуучу терминдердин мисалдары берилген.

БУУӨПтүн жана Финляндия ТИМинин «Кыргыз Республикасындагы укуктук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү үчүн туруктуу сот адилеттигине жетүү» долбоору 2014- жылдан тартып майыптыгы бар адамдардын укуктарын ишке ашыруу жаатында активдүү иш жүргүзүп келет. Жакында ЭСӨМдүн демилгеси менен аталган долбоордун колдоосунда “Майыптык темасын чагылдыруу” боюнча окуу курсу иштелип чыккан. Анда терминология маселеси кеңири айтылган. Терминдер тууралуу кененирээк бул шилтемеде.

https://www.kg.undp.org/…/11/training-4-journalists.html